Бишкекте кошумча акы төлөнө баштады

Бишкекте медкызматкерлерге амбулатордук деңгээлде кургак учукту ийгиликтүү дарылагандыгы үчүн кошумча акы төлөнө баштады. 2017-жылдан тарта Кыргызстандын саламаттыкты сактоосуна USAIDдин жардамы менен кургак учук менен ооругандарды дарылоодо жаңы ыкмалар киргизилүүдө. Алар бейтаптарды кургак учукка каршы ооруканаларда узакка жаткырбастан, жашаган жерине жакын баштапкы медициналык-санитардык жардамдын мекемелеринде амбулатордук шартта дарылоого негизделген. Ага райондук фтизиатр-дарыгерден башка үй-бүлөлүк медицина кызматкерлери да катышат. Алар үчүн атайын иштелип чыккан каржылык шыктандыруунун негизинде ар бири өз салымына жараша өбөлгөлүүчү төлөмдөрүн алышат. Бүгүнкү күнү амбулатордук шартта кургак учукту ийгиликтүү дарылоо үчүн каржылык шыктандыруу Чүй, Талас, Нарын, Баткен облустарында, Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым райондорунда ийгиликтүү ишке ашырылып жатат. Эми ал Ленин районунан баштап Бишкек шаарында дагы киргизиле баштады. Биринчилерден болуп кургак учуктун 11 учурун ийгиликтүү дарылоо үчүн Бишкектин №1 Үй-бүлөлүк медицина борборунун 32 медкызматкери шыктандыруу төлөмдөрүн алышты. Төлөмдөрдүн жалпы суммасы 144 000 сомду түздү. Ошол 32 медкызматкердин арасында үй-бүлөлүк медайым Айгүл Кубанычбекова да бар: «Абдан сүйүндүм! Биринчи ишенбей, анан билдим үч бейтапты дарылоо үчүн экенин. Чоң эле акча экен – мектепке неберелеримди даярдап аткам, ошолорго кетирдим». Үй-бүлөлүк дарыгер Абдилатип Апызов да жакындарын сүйүнттү: «Эки орулууну аягына чыгарган үчүн акча алдым. Жакшы акча экен, анткени балам спорт секцияларга барат, ошондо каяктан акча табам деп ойлонгон да жокмун. Өкмөткө рахмат, ушинтип бизди колдоп жатканына – эмгек акыбызды да көтөрүп, анан мындай стимулдарын берип атат». – КР Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Азамат Муканов баса белгилегендей, амбулатордук шартта кургак учукту ийгиликтүү дарылоо үчүн каржылык шыктандыруу Бишкек шаарында да, анан жалпы өлкө боюнча жайылтырылат: «Жалпысынан 2017-2022-ж. кургак учукту амбулатордук деңгээлде ийгиликтүү айыктырылган 7662 учурлар кабыл алынып, жалпы 116 700 мин сом каражаты которулуп берилди. Бул шыктандырууну этап этабы менен Кыргызстандын баардык аймактарына жайылтуу пландаштыруудабыз. Анткени, ал өзүнүн эффективдүүлүгүн жана жакшы натыйжасын көрсөтүп жатат».