АКШ кургак учук менен күрөшүүнү колдоо үчүн 13 млн.сомдук заманбап жабдууларды берди

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) аркасы менен Кыргызстандын кургак учукка каршы борборлорунда эки саатка жетпеген убакыттын ичинде кургак учукту табууга жөндөмдүү кыйла заманбап диагностикалык жабдуулар пайда болду. Кыргызстанда кургак учук менен күрөшүүнү күчөтүүгө багытталган USAIDдин «Кургак учукту айыктыруу» беш жылдык долбоорунун алкагында USAID кургак учуктун штаммын эки саатка жетпей аныктоого мүмкүндүк берген жана дарылоодо пайдаланылган маанилүү дары-дармектерге сезгичтикти аныктаган GeneXpert диагностикалык жабдуусун сатып берди.

Жалал-Абад, Нарын, Баткен, Талас жана Ысык-Көл облустарынын кургак учук менен күрөшүү борборлоруна жаңы 10-түстүү диагностиканын технологиясы менен GeneXpert беш платформасы жеткирилет. Бишкек шаардык кургак учукка каршы ооруканасында жана региондордогу баштапкы медициналык-санитардык мекемелерде адистештирилген комьютердик жабдуулар орнотулат.

Эми жаңы сатып алынган жабдуулардын натыйжасында бир нече жерде орнотулган 29 GeneXpert платформасы кургак учуктун молекулярдык диагностикасын тездетүүнүн жалпы улуттук жеткиликтүүлүгүн камсыз кылмакчы.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бубужан Арыкбаева жана USAIDдин Миссиясынын директорунун милдетин аткаруучу Эндрю Мейбрук бүгүн Бишкектеги Улуттук фтизиатрия борборунда болуп өткөн жабдууларды расмий тапшыруу аземине катышышты.

Министрдин орун басары Б. Арыкбаева Саламаттыкты сактоо министрлиги кургак учук менен күрөшүү боюнча улуттук чараларды күчөтүүнү улантарын жана Кыргызстанда адамга багытталган медициналык жардамды түзүүгө умтулуп жатканын белгиледи. «Кыргыз Республикасында кургак учук менен күрөшүүдө USAID негизги өнөктөштөрдүн бири болуп саналат. Берилген жабдуулар кургак учукка каршы кызматтын натыйжалуулугун жогорулатууга жана бейтапка кыйла багытталгандай болушуна жардам берет», - деп белгиледи министрдин орун басары.

 «Биргелешкен күч-аракеттин аркасында кургак учуктун жүгүн жана өлүмүн азайтууда олуттуу жылыштарга жетиштик. Бирок биздин максат – кургак учукту жоюу. USAID бул максатка жетүү үчүн Кыргыз Республикасы менен кызматташуууну уланта бермекчи», - дейт USAIDдин миссиясынын директорунун милдетин аткаруучу Эндрю Мейбрук.

Кыргызстанда кургак учуктун көптөгөн дарыга туруктуу оору деңгээли боюнча дүйнөдө жогорку орундардын биринде турат. Кургак учукту ийгиликтүү дарылоо үчүн мүмкүн болушунча дартты эрте аныктоо жана бейтаптарга дарылоонун алда канча натыйжалуу курсун белгилөө үчүн штаммын табуу маанилүү болуп саналат. Дарыга туруктуулукту табуу ыкмасы татаал лабораториялык инфратүзүмдү жана анализдерди жүргүзүү үчүн окутулган кызматкерлерди талап кылат.

###

USAID кургак учук менен күрөшүүдө Кыргызстан менен көптөн берки өнөктөш болуп саналат. Азыркы учурда JSI менен өнөктөштүктө «Кургак учукту айыктыруу» беш жылдык долбоорун ишке ашырууда. 20,2 млн. доллар өлчөмүндө инвестиция дартты аныктоонун, дарылоонун жана дарыларга туруктуу кургак учук менен ооруган бейтаптарды сакайтуунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча Кыргызстандын Өкмөтүнүн күч-аракетин колдоого жумшалууда.